Билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов “гомосексуализм” деген сөздү айта албай кыйналды(Видео)
- 6 лет мурун
- Видео
Жогорку Кеңештин депутатыТазабек Икрамов 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «гомосексуализм» деген сөздү айта албай кыйналды:
“Менин айтайын дегеним, 2014-жылы апрель айында кабыл алынган гомосеку…сексуалю… гомес…, ушу, гомосекс… жөнүндө КРдин мыйзамы боюнча, ЖМК жана коомдук жайларда пропагандалоого тыюу салынган берене бар”,-дейт депутат.
Анын айтымында, гомосексуализм ВИЧти жайылтып жатат:
“Менин маалыматым боюнча, Украина, Казакстан жана Прибалтикадан атайын өкүлдөр келип, ушуну атайын уюштуруп жасашыптыр. Ким жооп берет? Ушул адамдарды жоопко тарттыңыздарбы?”,-деген билдирүү жасады.
УКМК мындай маалымат жок экендигин билдирди.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!