​Карганбек Самаков абактан чыкты

  • 5 лет мурун

Экс-депутат Карганбек Самаков 11-мартта абактан чыкты. Калган мөөнөтүн ал шарттуу өтөйт.

Бул тууралуу күч түзүмдөрү билдирди.

2015-жылы экс-депутат Карганбек Самаков, экс-вице премьер Искендер Айдаралиев, экс-айыл чарба министри Арстанбек Ногоев Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик, Лебединовка айыл аймактарынан жалпы аянты 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталган.

Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылган, эки жолку амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн экиси кыскартылган.

Аны менен кошо камалган уулу Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов 8 жылга камалып, эки амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылган.

Экс-премьер Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиев 5 млн сомдон айып төлөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты