Спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси кызматынан бошотулду
- 4 years мурун
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Амангелдиевич Сабырбеков кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
“Жогорку Кеңештин аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын- ала иликтөө иштерин жыйынтыктады.
Алмазбек Сабырбеков төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда,-” деп билдирди ЖК басма сөз кызматы.
Айта кетсек, социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин спикеринин атынан премьер-министрге жолдонгон кат жарыяланып, анда одоно бир кыйла ката кетирилген.
Муну бөлүшүү