​Өкмөт башчы акимдерди кызматтан бошотту

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-февралда, бир катар акимдерди жана башка жетекчилерди кызматтан бошотту.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев;

— Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев;

— Чүй облусунун Москва районунун акими Азамат Эсенбеков;.

-Кемин районунун акими Жумгалбек Дүйшебаев;

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов;

— Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов;

— Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев кызматынан бошотулду.

Министрлерге эскертүү берилди

Өз ишин талаптагыдай аткарбаганы үчүн төмөнкү жетекчилерге Өкмөт башчы эскертүү берди:

— Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге;

— Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго;

— Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берилди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты