13-январда Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти Бишкектеги бир тараптуу кыймыл схемасына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 13-январдан тартып Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү бир тараптуу болот.
Эскерте кетсек, 8 көчөдө бир тараптуу кыймыл уюштурулуп, 2 көчө эки тараптуу болот.
Ошентип, төмөнкү көчөлөр бир тараптуу болот:
— Н.В. Гоголь көчөсүндөгү жол тилкеси Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
— А. Сүйүмбаев көчөсү  Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
— Ж. Турусбеков көчөсү  Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө);
-Т. Үмөталиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түндүктөн түштүккө);
14-январдан баштап:
— И. Раззаков көчөсүндөгү жолдун Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө);
— А.Орозбеков көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө).
Ошондой эле дагы 2 көчөнүн тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:
— К. Акиев көчөсүндөгү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жол тилкеси (түштүктөн түндүккө);
— К.Тыныстанов көчөсүндөгү жолдун М. Фрунзе көчөсүнөн Ж. Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө).
Эки тараптуу кыймыл уюштурулат:
— Т. Кулатов көчөсүнүн И. Панфилов көчөсүнөн Я. Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты