13-майдагы аба ырайынын божомолу
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 13-майда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, күн күркүрөшү ыктымал, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 30…32 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




