13-майдагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 13-майда, күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +24…+26.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




