13-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 13-февралда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан кар, күндүз жаан жаайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




