12-январда: Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 12-январда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоого жакын жана тоолуу райондордо долдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +7…+12;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -9…-14;

Бишкек шаарында күндүн экинчи жарымында жаан жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты