12-сентябрдагы аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 12-сентябрда, күндүз кээ бир аймактарда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32;
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




