12-майдагы аба ырайынын божомолу
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, бүгүн, 12-майда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




