12-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 12-майда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +17…+19.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты