12-июндагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 12-июнда, күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы :
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




