12-июнь: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…20, күндүз 28…33;

Талас облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз 27…32;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17…22, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…15.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус ысык болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты