12-июлда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 12-июлда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты