12-февралда: Көпчүлүк аймакта жаан жана кар жаайт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 12-февралда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5 болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




