12-декабрда: Айрым жерлерде жаан жана кар жаашы күтүлөт

  • 6 месяцев мурун

12-декабрда күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +13…+15 градус жылуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты