11 журналисттин иши: Сот процессине эксперттер келген жок

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 1-августта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо улантылууда. Сотко эксперттер Жанышбек уулу Азамат, Абдыкожоев Таалайбек келбей калды, алар эмгек өргүүсүндө экендиги айтылды. Ишти изилдөө улантылууда.

Мурдагы 25-июлдагы сотто да Кыргыз улуттук Илимдер академиясынан эксперт катары Жанышбек уулу Азамат суралмак, бирок ал сот отурумуна келген эмес. Ошондой эле эксперт Абдыкожоев Таалайбек да келген эмес. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын имаратында оңдоо иштери жүрүп жатканынан улам, академиянын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыгарылган.

Андан мурдагы сот отуруму 18-июлда өттү. Отурумда кылмыш иши боюнча эксперттер сурала башталды. Эксперт Нурлан Сакпаев соттун суроолоруна жооп берди.

Нурлан Сакпаев “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөз болбогондо массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок деп тыянак чыгармакмын» деп жооп берди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 25-июль 2024-жыл

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты