11 журналисттин иши: Ленин райондук сотто кароо улантылууда

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо улантылууда. Бүгүн эксперттер суралууда.

Мурдагы сот отуруму 18-июлда өттү. Отурумда кылмыш иши боюнча эксперттер сурала башталды. Эксперт Нурлан Сакпаев соттун суроолоруна жооп берди.

Нурлан Сакпаев “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөз болбогондо массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок деп тыянак чыгармакмын» деп жооп берди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан 11 журналисттин иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жиберилген.

28-майда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка шектелип жаткан 11 журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызын карап, канаттандырган жок.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты