11-сентябрь: Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 11-сентябрда, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




