11-ноябрда: Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 11-ноябрда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+2, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…+1 күндүз +10…+12.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




