11-май: Көпчүлүк жерлерде жаан жаашы күтүлөт  

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 11-майда, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан күтүлөт, тоолуу райондордо жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз көпчүлүк жерлерде жаан жаайт, чагылган түшөт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   

Абанын температурасы:

Чүй облусунда  түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 12…17; күндүз 24-29;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болот.

9-11-майда республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты