11-июнда: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт, күн күркүрөйт
- 4 недели мурун
Бүгүн, 11-июнда, Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткөн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарына, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдык ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…23, күндүз +27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…14, күндүз +17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз +23…28;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…21, күндүз +28…30 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан