11-июнда: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт, күн күркүрөйт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 11-июнда, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүшү күтүлөт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




