11-июлдагы аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 11-июлда, күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




