11-июлда: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

  • 11 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 11-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Бишкекте ала булут каптап турат, өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 14 метрге жетет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты