11-февралда: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт, айрым аймактарда кар жаайт
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 11-февралда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан жаайт, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт.Тоолуу жана тоого жакын жерлерде жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлөт. Түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11.
Иллюстрациялык cүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




