10-сентябрда: Айрым аймактарда өткүн өтүшү күтүлөт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 10-сентябрда, күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуКыргына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




