10-октябрдагы аба ырайы

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-октябрда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жана кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 18…20° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты