10-марттагы аба ырайы

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 10-мартта, түнкүсүн Чүй, Ош облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жана кар жаайт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт.  

Айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 11…16;

Ош, Жалал-Абад облустарында 0…+5, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…+7.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жана жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 13…15° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты