10-майдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 10-майда, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облусунун көпчүлүк жерлеринде, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.   

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, чагылган түшөт,бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин болот.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда  түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 12…17; күндүз 26-31;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° жылуу болот.

9-11-майда республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты