10-июлда: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 10-июлда, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +21…26;
Талас облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +20…25;
Баткен облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз+ 22…27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…19, күндүз +22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз +19…24;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…21, күндүз +23…25 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




