10-июлда: Айрым аймактарда 39 градуска чейин ысык күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 10-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




