10-декабрь: Чүй жана Ысык-Көл облустарында кар жаашы күтүлөт  

  • 1 месяц мурун

10-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -4…-6° суук болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты