10-августтагы аба ырайы
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-августта, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде,Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндүү райондорунда жаан жаашы күтүлбөйт,батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +29…+34;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…39;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүшү күтүлөт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




