10-апрелдеги аба ырайы
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 10-апрелде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




