10-апрель: Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарында жаан жаайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 10-апрелде, түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Абанын ырайы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




