1-сентябрга карата 27 мектеп жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүү каралган

  • 2 месяца мурун

2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.  

Каржылоого 1 миллиард 439 миллион сомдон ашуун каражат каралган.  

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Иллюстрациялык сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты