1-сентябрда: Айрым жерлерде өткүн өтөт

  • 5 дней мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү жерлеринде жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетет.    

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында +17…+22, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты