1-октябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн, 1-октябрда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жана кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 12…14° болот.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-2-октябрь күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




