1-майдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 1-майда, түнкүсүн Жалал-Абад облусунда жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым жерлерди 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Бишкекте күндүн экинчи жарымында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан