1-июндагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 1-июнда, түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунда катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз+ 21…+26;
Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+80, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…27 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




