1-февралда: Кар жаабайт, айрым жерлерге туман түшөт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 1-февралда, күндүз өлкөдө кар жана жаан жаабайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9 күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +9…+11.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




