1-декабрда: Өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 1-декабрда, Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк—батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 9…14;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 2…7;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 11…13° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




