Шыкмаматов: “Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек”

Шыкмаматов: “Өмүрбек Текебаевдин иши кайра каралышы керек”“Ата Мекен” фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текеабаевдин иши боюнча башкы күбө болуп өткөн россиялык ишкер, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин Россияда камалганына байланыштуу, кайра каралышы керек экенин билдирүүдө.

 Белгилей кетсек,  Интерфакс агенттиги 16-ноябрда, Мамлекеттик Думанын экс депутаты, бизге Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишинин башкы айыптоочу күбө Ленонид Маевский  кадыр-баркка доо келтирген маалыматы ачыкка чыгарбоо шарты менен  37, 5 млн доллар доолагандыгы үчүн камалганын билдирген.  Сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылган эркинен ажыратылган.  Алардын ишинде башкы күбө катары дал ошол Л. Маевский көрсөтмө берген.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты