Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: «Нарында сыркоолорду жалгыз ооруканага батыруу кыйын»

Алмазбек Баатырбеков, ЖК депутаты: «Нарында сыркоолорду жалгыз ооруканага батыруу кыйын»Бүгүн, 5-апрелдеги парламенттик жыйында Алмазбек Баатырбеков Нарын облусунда 280 миӊ адам жашайт. «Дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыланат. Ошондон улам, Нарын шаары менен район тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда” деп айтты.

«Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын жалгыз ооруканага батыруу кыйын. Мурда Нарын шаары менен райондун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы бар болчу, бирок ал демилге создугуп кетти. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле» деди эл өкүлү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты