“Менин жеке чечимим” Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэрлик кызматынан кетти

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти. Бул тууралуу, 12-августта Сарыбашов өзү билдирди.


«Бүгүн мен өз каалоом менен кызматтан кетүүнү чечтим. Президент Садыр Нургожоевичке бул милдетти аткарууну тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Акыркы үч жылдан бери Ош шаарынын мэри болуп турган убакта, аз да болсо колумдан келгендин баарын кылдым. Биз борборубузду жакшыртууну пландап жатканбыз. Мен Бишкектин өнүгүшүнө салым кошо турган күн келет деп ишенем. Урматтуу кыргызстандыктар, менин кызматтан кетүүмдө эч кандай саясат жок. Бул менин жеке чечимим.», — деди Таалайбек Сарыбашов.

Белгилей кетсек, Таалайбек Сарыбашов 2-августта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Аны бул кызматка, Президент Садыр Жапаров өзү сунуштаганы айтылган эле.

«ПолитКлиника» медиасы Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү экени белгилүү болгон паспорттун номерлери, Россиянын гувм.мвд.рф сайтында дагы деле катталуу экенин, бир гана, РФнын Салык кызматында бул маалыматтар көрүнбөй калганын жазып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты