Вакцина алгандан кийин 395 кош бойлуу аялдын боюнан түшкөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

13-июнь күнү, Вадим Маями аттуу интернет колдонуучусу, “АКШда коронавируска каршы вакцина алгандан кийин 395 аял баласынан ажырады”,- деген маалыматты бөлүшкөн. Билдирүүдө, вакциналардын олуттуу коркунучу бар экени белгиленген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасиринен улам кош бойлуу аялдардын балдарынан ажырап жатканы тууралуу маалымат эң алгач uncut.ch сайтына жарыяланган. Сайтта бул билдирүү, “Бул жиндиликти токтоткула! — 920 аял Ковидге каршы эмдөөдөн кийин балдарын жоготконун билдиришти”, — деген ат менен жарыяланган.

Маалыматта, вакциналардын кош бойлуу аялдарга болгон таасирлери жашырылып жатканы айтылат. Ошондой эле далил катары VAERS сайтынан алынган сүрөттөр жайгаштырылган.

Анда, акыркы маалыматтар боюнча вакцина алган 90 миң кош бойлуу аялдын ичинен 395 аялда бойдон түшүү катталганы белгиленген.

VAERS маалымат түйүнү

uncut.ch сайты шилтеме берген Вакцинанын кошумча таасирлерин кабарлоо тутуму (VAERS) Америка Кошмо Штаттарында 1990-жылы ишке киргизилген.

Аталган портал, жарандардын вакцина алгандан кийин пайда болгон терс таасирлери жөнүндөгү билдирүүлөрүн кабыл алат. Башкача айтканда ар бир жаран эмдөөдөн кийин туш болгон жагымсыз окуяларын бөлүшө алат. Бул сайт АКШнын мамлекеттик органдары аркылуу көзөмөлдөнсө да реалдуу статистикалык маалыматтарды камтыбайт. Анткени ар бир жаран VAERSке өзү каалаган маалыматтарды жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындан сырткары, кабыл алынган маалыматтар 4-6 жума аралыгында дарыяланып, убакыттын өтүшү менен өзгөрө берет.

Мисалы, 4-июнга берилген маалымат боюнча Америкада жалпысынан 538 аялдын боюнан түшкөнү тууралуу маалымат берилген.

Бирок, бул маалыматтын түшүндүрмөсүндө алынган бардык жыйынтыктар коронавируска каршы вакциналар менен байланыштуу эмес экени белгиленген. Тактап айтканда, ар кандай жагдайда бойдон түшүүсү катталган аялдардын статистикалары да көрсөтүлө берет.

Кош бойлуу аялдар жана вакцина

Буга чейин жүргүзүлгөн бир катар изилдөөлөрдө, кош бойлуу аялдарда коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору экени далилденген. Алсак, Швециянын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги жарыялаган изилдөөдө, кош бойлуу же жаңы эле COVID-19 менен төрөгөн аялдар реанимация бөлүмүнө башка адамдарга караганда дээрлик алты эсе көп кабыл алынган.

Изилдөөнүн авторлору, Жюлиус Коллин жана Эмма Бюстондун айтымында:

“Кош бойлууларда респиратордук вирустук инфекциялардан улам олуттуу оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат, анткени аялдын организминде ошол учурларда өзгөрүүлөргө дуушар болот”- деп айтышкан.

Бир катар изилдөөлөрдө Covid-19 га каршы вакциналардын кош бойлуу аялдарга жана түйүлдүкө зыяны жок экени далилденген. Алсак, “The new england journal o f medicine” журналына жарыяланган изилдөөгө 35 миң 691 аял катышкан. Алардын арасында өлүмгө байланыштуу жагдайлар катталган эмес жана изилдөөчүлөр эмдөөнүн кош бойлуу аялдарга зыяны жок деген тыянакка келишкен.

Мындан сырткары, 13-май күнү Jama Network журналына жарыяланган изилдөөдө кош бойлуу учурундагы эмдөө баланы дагы коронавирустан коргой алаары далилденген. Изилдөөчүлөр вакцина алган энелердин сүтүндө коронавируска каршы антителолор пайда болгонун аныкташып, бул балага да пассивдүү коргонууну бере турганын билдиришкен.

Азыркы учурда, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кош бойлуу айымдарды коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун илимий адиси Сумия Свиминатан 4-июнь күнү берген маегинде, ДССУ кош бойлуу аялдарга эмдөөдөн өтүүгө чакыраарын жана эмдөөнүн кош бойлуу аялдарга зыяны жок экенин билдирген.

Жыйынтык: Манипуляция. Коронавируска каршы эмдөө алган 395 аялдын каза болгону илимий түрдө далилденген эмес. Ал эми автор булак катары көрсөткөн VAERS маалымат түйүнү коронавируска байланыштуу чыныгы статистиканы камтыбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты