Орусия БШКсы Навальныйдын документтерин кабыл алды

Алексей Навальный тарапташтарынын алдында, 24-декабрь, 2017-жыл

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн жетиштүү колдоо топтогонун билдирип, жекшемби кечинде Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди тапшырды.

24-декабрда Орусиянын бир канча шаарында, анын ичинде Москва менен Петербургда Навальныйды президенттикке талапкер катары көрсөтүү үчүн элдин кол тамгаларын чогултуу боюнча демилгечи топтордун акциялары өткөн.

Навальный документтер кабыл алынгандан кийин ал талапкер катары катталарына ишенерин билдирди. БШК кызматкерлери каттоо тууралуу чечим Жаңы жылга чейин жарыяланарын айтышты.

Мурдараак Алексей Навальный журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер анын талапкерлигин каттабай турган болушса, анда бир жыл бою шайлоо өнөктүгү маалында түзүлгөн бардык инфраструктура шайлоого бойкот кылуу үчүн иштей турганын айткан.

Оппозициячыл саясатчы 24-декабрда Москвада өз тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, жеңишке, бийликтин алмашуусуна жана жаң ы өкмөт түзүүгө умтуларын билдирди.

Навальный эгер 2018-жылкы шайлоодо Владимир Путин жеңишке жете турган болсо, анда ал өлкө үчүн бошко кеткен алты жыл болорун айтты. «Владимир Путин, өлкөбүздү өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана досторуңуздун жеке байлык топтоо булагына айланттыңыз. Ошондуктан мындан ары президент болбосоңуз туура болот», – деп билдирди Навальный.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты