​Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду жашыруун жана клиникалык изилдөөлөрү жок колдонгону үчүн кандай жазага тартылат? (Фактчекинг)

16-апрелде, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 вирусуна каршы элди уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатканын жарыялады. Министр, ушул убакка чейин 300 бейтап бул метод менен даарыланып айыкканын, бирок “уу коргошун” менен даарылоо протоколго кире электигин айткан.

ПолитКлиника медиасы, протоколго кире элек жана расмий изилдөөсү жок метод менен калкты даарылаганы үчүн Саламаттыкты Сактоо министрлиги кандай жоопкерчиликке тартылышы керектиги тууралуу изилдеп көрдү.

“Уу коргошунду жада калса клиникалык изилдөөдөн өткөргөнгө болбойт”

Дүйнөлүк медицинада дары-дармектерди каттоо үчүн клиникалык изилдөөдөн өткөрүү талабы бар. Бир нече жылга созулган бул изилдөөлөр алгач жаныбарларга андан соң коопсуз экени белгилүү болгондо гана адамдарга жүргүзүлүшү керек.

Бирок, Садыр Жапаров жана Алымкадыр Бейшеналиев сунуштап жаткан уу коргошун же “аконит” дары жасаганга болбой турган заттардын сап башында турат.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барктабасова, аконит өтө уулу зат болгондуктан эч бир адамга дары-дармек катары берилбеши керектигин айтат:

“Аконит дүйнөдө тыюу салынган өтө кооптуу зат. Ал эми дары-дармектерди коомдук колдонууга чыгаруу үчүн, клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүш керек. Уу коргошунду эч бир борборлордо изилдегенге болбогондуктан, расмий түрдө катталбайт. Демек, бул кадам толугу менен мыйзамсыз ”, — деп билдирди.

Ошондой эле Бермет Барктабасова, Саламаттыкты сактоо министринин бул кадамы “Кыргызстанда медицина жок” дегенге барабар экенин баса белгиледи.

Бир канча мыйзам бузулду

Кыргыз Республикасынын 2003-жылы кабыл алынган “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинде, клиникалык изилдөөдөн өтпөгөн жана коопсуздук талаптарын бузган учурда, дары-дармек өндүрүүгө тыюу салынат деп жазылган.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана президент Садыр Жапаров каттоодон өтпөгөн жана протоколдон өтпөгөн дарыны бейтаптарга колдонуу менен жогорудагы мыйзамдын бузулушуна алып келишкен.

Мындан сырткары, 2005-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамы да бузулган.

Анткени, аталган мыйзамдын 64-статьясында жарандар өздөрүнүн саламаттыгына таасир берген маалыматты алуу укугуна ээ экени жазылган. Бирок, министр Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында уу коргошун менен даарыланды деген жарандарга бул тууралуу так маалымат берилгенин айта алган жок.

Бул окуя боюнча, юрист Нурбек Токтакунов, Саламаттык сактоо министринин мыйзамсыз аракеттери далилдене турган болсо, “Шалаакылык”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Чындыкка дал келбеген маалыматты коомчулукка” таратуу беренелери менен жазага тартылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Жыйынтык: Уу коргошунду дары катары пайдалануу, медициналык жактан кооптуу экени далилденген. Уу коргошун менен даарылоо учурунда Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдары бузулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты